Экономиканын көпчүлүк тармактарындагы иштер жандандырылгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусуна кирүү жана чыгууда чектөөлөр менен тыюу салуулар алынып салынган. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

Анын айтымында, болгону бир гана шарт коюлган, облустан облуска кирген учурда жарандар паспортторун, кайсыл жерге катталгандыгын көрсөтүшөт жана дене табы текшерилет.

«Облуска кирип жаткан эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана аларды коштоп жүргөн жарандар тыкыр текшерүүдөн өтүшөт. Аларды бара турган жерине чейин тиешелүү кызматкерлердин коштоосунда жеткирип, кайра облустан чыгарып коюу шарттары каралып жатат”, — деп билдирди КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров.