Россияда бир күндө 139 бейтап коронавирус инфекциясынан көз жумду. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штаб маалымдады.

Жалпысынан өлкөдө 3388 адам коронавирустан көз жумган. Бир сутка ичинде өлкөдө 9434 жаңы учур табылып, жалпы жуктуруп алгандардын саны 335,882 адамды түздү.