“Азыркы учурдагы мамлекетибиздин бирден-бир орчунду көйгөйү катары, тоо-кен тармагындагы коррупциянын бүгүнкү күнгө чейин гүлдөп жатканын айтсак жарашат. Баалуу кен байлыктарыбыз элибизге же мамлекетибизге пайда алып келбей жатканын көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менену угуп жатсак да, бир дагы тийиштүү органдар, мекемелер, аттуу-баштуу кыргызымдын эр азаматтары 29 жылдан бери туура чечимге келбей коюшту”, – деп билдирди 23-майдагы парламенттин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров.

Натыйжада, мамлекеттин экономикасына бул абал терс таасирин тийгизгип, өлкө бюджети оӊбогондой оор жоготууга учурап келет. Кен байлыктардын көзөмөлсүз, мамлекеттик текшерүүсүз коррупциялык жол менен сырткы өлкөлөргө ташылып, элибиз ырыскыдан көз көрүнө кол жууп жатат. Концентратты (алтын, жез, күмүш ж.б) чыгаруу тартиби өлкөбүдүн ичинде өз байлыгыбызга өзүбүз көзөмөл жүргүзө албаганыбыз, биздин алсыздыгыбызды, жоопкерчиликсиз кайдыгер шалаакылыгыбызды далилдеп турат. Буга далил катары мамлекеттик ыйгарымдуу органдар өз милдетин так аткара алышпай, коррупциялык күчтөрдүн куурчагына айланып калганы, элибиздин, өлкөбүздүн келечегине балта чабууда. Мындай кооптуу коркунучту азыртадан токтотпосок кийин такыр кеч болуп калат. Мамлекет башчыбыз Коопсуздук кеңешин өткөргөн сайын: «Өзүбүздүн байлыгыбызга өзүбүз ээ бололу, тыкандык менен сыртка чыгып жаткан баалуу металлдарды текшерип, алардын санын, сапатын билип, ошол тармактагы коррупцияны жойгула», – деп ыйгарым укуктуу бир нече тиешелүү органдарга тапшырма берип келет. Тилекке каршы, президенттин сөзүн уккан киши жокпу, же жөн эле айтылган сөзбү, айтор эч бир алдыга жылыш, эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Президентибиздин калктын камын ойлогон саясатын, жогорку кызматты ээлешкен ыйгарымдуу өкүлдөр, өкмөт башчылары такыр тескери нукка бурушуп, өзүлөрүнүн каалаганын кылып, жеке кызыкчылыктары менен алек болуп жатышканы өкүндүрбөй койбойт.

Өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү органдар концентраты баалуу металлдарды чыгаруу боюнча бир канчалаган долбоорлорду жазышып, Жогорку Кенешке №570 токтомду өзгөртүүнү сунушташкан эле. Ал токтом 1 жылдын ичинде 2 жолу өзгөртүлүп, натыйжасында баягы эле коррупциялык күчтөрдүн кыймыл аракети менен өздүк кызыкчылыктардын басымы күч болуп, мамлекеттик текшерүү, мамлекеттик көзөмөлдөө жагы дагы жокко чыгарылды. Токтомду өзгөртүүнүн натыйжасында мамлекет 1 да пайыз өлчөмдөгү пайда алган жок. Суроо анда эмнеге токтомду өзгөртүштү? Натыйжада, токтомду өзгөртүүдө дагы чоң коррупция жаткандыгын айдан ачык айгинелеп коюшту. Ушудай шалаакылык темп менен иш жүргүзө беришсе, күн өткөн сайын канчалаган баалуу металлдарыбыз сыртка чыгарылып жатканы аларды ойлондурган да, өкүндүргөн да жок. Бул жоруктары аркылуу коррупцияны токтотууга кызыкчылыктары жоктугун, мамлекетти сазга тыгып жатышканын далилдеп, ачык айрым көрсөтүп жатышат. Мындай темп менен кете берсек, мамлекетибиз качан өнүгүп, качан өз байлыгыбызга өзүбүз ээ болоорубузду айтуу кыйын. Ушул күнгө чейин канчалаган баалуу металлдар концентраттар (алтын, жез, күмүш ж.б) өлкөбүздөн сыртка ташылып кетти. Азыр дагы ташылууда. Абалды толук көзөмөлгө алууга болгон кайдыгерликке бирден-бир, түздөн-түз ГКПЭН жоопкерчиликтүү.

Бул мекеме да жагдайды көрүп-билип турса да кайдыгер карап, коррупцияга жол берип, жеке лабараторияларды колдоп, алардын иштешине мүмкүнчүлүк түзүп беришүүдө. Мамлекеттүүлүктү алган күндөн бери, баалуу металлдарды сыртка чыгарууну, иштетип бөлүп алууну ГКПЭН текшерүүгө албай, кен иштетүүчү фирмалардын отчёттун баалуу акча кагаздары аркылуу гана көзөмөл жүргүзүүдө. Ар бир кагазында жеке фирмалардын жакшы иштеп жаткандыгы туралуу далилдик кагаздары бар болгон менен канча баалуу металл алынганы, канчасы сыртка чыгып кеткени, дагы канчасы чыгаары тууралуу так, туура маалымат жок.

Дагы бир орчундуу маселе, баалуу кен байлыктарыбызды иштетүүдө жана лицензия алууда, кендин запасын мамлекеттик баланска коюуда, мамлекеттик көзөмөл, текшерүүгө такыр көңүл бурулбайт. Бул иштердин аркасында да өз кызыкчылыгын ойлогон аткаминерлер коррупциялык жол менен недропользовательдердин кызыкчылыгы үчүн аларга жан тартып, аларды коргоп, колдоп иш алып барышууда. Мисалы, ГКЗ да лабораториялык протокол недропользовательдер өзүлөрү каалагандай протоколду жеке лабораториядан өткөрүп алышып, ошолордун жыйынтыгы менен запасы азайтылып баланска коюлуп жатканы белгилүү иш. Бул ишке ГКЗ дагы борбордук лабораторияны жеке күчтөр сыртка чыгарып койгону баарыбызга маалым. Негизи мурдагы союз мезгилиндей, мамлекеттик лабораториянын жыйынтыгы менен запаска коюлушу керек эле. Мисалга алсак,«Жерүй»месторождениясы 100 тонна алтынды баланска жеке лабораториянын результаты менен запаска коюлса, ал жакта союз учурунда геологиялык изилдөөлөрдүн берген жыйынтыгында 105 тонна алтын бар экендиги баарыбызга маалым. 5 тонна алтын асманга учуп кеткен сыяктуу сезилет. Бирок, ал 5 тонна алтын саналуу гана бийликтеги жогорку кызматты аркалаган жетекчилердин чөнтөгүнө батып кеткенин баарыбыз билебиз. Себеби, мамлекеттик текшерүү жок. Ошондой эле, ар бир металлды анализдеп аныктай турчу мекенибиздеги жалгыз мамлекеттик борбордук лабораторияны иштетишпей, өздүк коррупциялык жеке лабораторияларды иштетип келишүүдө. Муну менен карга-карганын көзүн чокубайт дегенди айгинелеп жатышат.

Борбордук лаборатория ушул күнгө чейин мамлекет жана тийиштүү мекемелер тарабынан каралбай калса дагы өз милдеттерин так, туура аткарып жогорку деңгээлде иштешүүдө. Борбордук лаборатория – мамлекеттин жалгыз ишеничтүү лабораториясы, тиреги. Ошол себептен, баардык анализдерди мамлекеттик деңгээлде борбордук лабораториядан өткөрүүнү көзөмөлгө алуу, азыркы учурдун шартына туура келет. Себеби, жеке лабораториялар коррупциялык иштерди кылышып, мамлекетибизди талап-тоногонго салым кошуп жатышат десек жарашат. Өлкөбүздө чоң –чоң баалуу кен байлыктарды, мисалы: Кумтөр Голд, Бозумчак, Иштамберди, Алтын кен, Жерүй, Макмал, Терек-Сай, Солтон-Сары кендерин иштетүүчү компаниялар мамлекетибизге налог эле төлөгөндөн башка бир да пайда келтиришкен жок. Ушул компаниялардын көбү 100% менчик менен кен байлыктарыбызды казып, баалуу металлдарыбызды ташып кетип жатышканы кабырганы кайыштырат.

Маселен, Казакстандын Казминералс  компаниясы «Бозумчак» алтын кенинин 100% үлүшүнө;  Фуллголд майнинг компаниясы «Иштамберди» алтын кенинин 100% үлүшүнө ээ. Мамлекет эч бир үлүшкө ээ эмес. Үй ээси жоош болсо коногу бийлейт деген макал бүгүнкү биздин таз кейпибизди тастыктап турат. Бул компаниялар өз каалаганын кылып, жылына 100 000 (жүз миң) деген тонна концентраттарды мамлекеттик көзөмөлсүз чыгарып кетип жатышат. Ошол концетраттын ичинде орто эсеп менен 5 тонна алтын жана башка даагы көптөгөн баалуу металдар бар. Ушунча баалуу металлдар чыгып кетип жатканы мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбай, таланып-тонолгон мамлекет экенибизди тастыктап, көзүбүзгө көрсөтүп олтурат. Баарын билип, баарын көрүп турсак да, майда кызыкчылыкты ойлогон, келечек менен ишибиз жок, акчанын, бийликтин кулу экенибизди далилдеп жатабыз. Эгер оңололу, өнүгөлү десек, экономиканын локомативи болгон тоо-кен тармагындагы коррупцияны жоюуга милдеттүүбүз. Ал үчүн жер казынасын иштетүү мыйзамын өзгөртүп, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлүш керек. Ошондо өзүбүздүн кен байлыктарыбызга өзүбүз ээ болуп, өзүбүз пайдасын көрөбүз деген толук ишеним бар. Азыркы учурда өзүбүз өз кен байлыктарыбызды иштетмек турсун иштетип чыгарып аткан баалуу металлдарыбызды көзөмөлгө ала албай, сырткы өлкөлөргө баарылап чогулуп, коштоп концентраттарды колдоруна салып берип олтурабыз. Бул мамлекеттин келечегине балта чапкан өтө кейиштүү жана кечирилгис мамиле.

Булак: Kyrgyztoday.kg