Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалым болгондой, 24-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Мойнок жерлигинде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажик Республикасынын «Ворух» анклавынын жергиликтүү жашоочулары тарабынан Кыргызстандын аймагына мал-жандыктарын кайтаруу аракетин болтурбай, жокко чыгарышкан.

Тажик тараптан белгисиз адамдар тарабынан кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарып, атып башташкан. Болжол менен саат 11:40 чамасында кыска убакытка Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу орун алган. Кыргызстандын чек арачыларынан жаракат алгандар жок.

«Ал эми саат 12:20да чыр-чатак чыккан жерде Кыргыз Республикасынын менен Тажик Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы аталган жерликтеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Эки тарап чыр-чатактын келип чыккан факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.