Адамдын жашоосунда уйкунун орду анын мааниси өтө чоң. Адистер уйкуну нормалдаштырган адам гана ден соолугунан кооптонбой деле койсо болот. Мындан улам кеч жатуу ден соолукка зыян.

1) Акыл жөндөмдүүлүктүн түшүп кетиши
Сиздин мээңиз 21:00 дөн 23:00 гө чейин активдүү эс алат. Эгер сиз 23:00 дөн кийин жатсаңыз, анда акырындык менен акыл жөндөмдүүлүктүн түшүп кетишине кабыласыз.

Эгер 23:00 дөн түнкү бирге чейин уктабасаңыз, жашоо күчүңүзгө доо кетет. Нерв системаңыз бузула баштайт. Симптомдору: алсыздык, жүүнү боштук, оордук жана чарчагандык.

Эгер түнкү 1ден 3кө чейин уктабасаңыз, артыкча агрессивдүүлүк жана кыжырдангычтык пайда болот. Сиздин мээңиз, туура иштеш үчүн, эс алууну талап кыла баштайт.

2) Сулуулуктун соолушу
Уйку жөн эле маанилүү нерсе эмес, сулуулукту сактоонун эң эффективдүү жана бекер ыкмасы. Так ошол уктап жаткан маалда клеткалар активдүү жаңыланып жана ткандар калыбына келет.

3) Өнөкөт чарчоо
Убакыттын өтүшү менен организмде ички чыңалуу чогулат жана андан нормалдуу шарттарда организм уйку маалында арылат. Уйку аз болгондо, жыйынтыгында өнөкөт чарчоо пайда болуп, кайра калыбына келүү мүмкүнчүлүгү жоголот.

4) Ашыкча салмак
Уйкусу дайым канбаган айымдар батырак толоорун америкалык окумуштуулар далилдешти. Узак уйкунун жоктугу организмдеги алмашуу процессин начарлатат, ошондуктан, кеч жатуу сиздин жашоо образыңыз болсо, анда сиз үчүн 2 эсе бат семирүү коркунучу бар.

5) Иммунитеттин начарлашы
Бардыгы көрүнүп тургандай жөнөкөй: түнкүсүн организм калыбына келип, жаңыланып, ойгоо кезде чогулган терс көрүнүштөрдөн арылат, мунун баары иммунитетти күчтүү кылганга шарт түзөт. Түн убагында иммундук системанын клеткалары иштеп баштап, организмге күндүз кирген патогендик микроорганизмдерди жок кылат. Дайым уйку канбай жүргөндө, грипп жана ОРВИ оорулары менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгү 3 эсе көбөйт. Жашы деткен адам саламатта болуусу үчүн күнүнө 7-8 саат толук кандуу укташ керек.

6) Картаюу
Түнкү уйку маалында теринин клеткалары калыбына келип, кандын айлануусу жакшырат, анын арты менен теринин клеткалары кычкылтек жана аминокислоталарга байыйт. Мимикалык бырыштардын табигый түздөлүү процесси болуп, теринин өңү жана жылмакайлыгы жакшырат. Бирок, бул пайдалуу процесстер түнкү уйкунун узактыгы 8 сааттан кем эмес болгон күндө гана болот.

Булак: kadam-media.kg