Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов менен маек:

— Саламатсызбы Ниймат Арапович. Баткен облусуна өзгөчө кырдаал кирген учурдан баштап Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлеринин аткарган жумуштарына токтоло кетсеңиз.

 — Алгач, Баткен районунун Самаркандек айылында 2020-жылдын 21-март күнү дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан короновирус оорусунун алгачкы учуру катталып, ошол эле күнү Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитовдун Буюрмасы чыгып, анын негизинде облус аймагына санитардык карантиндик көзөмөл посттору коюлду. 22-март күнү Баткен облусуна өзгөчө кырдаал киргизилип, Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барыууга өткөрүлдү. Облус аймагындагы жайгашкан ири соода базарларын, кафе-ресторандарды, мал базарларын, дыйкан базарларынын ишин токтотуу максатында жергиликтүү бийликтин токтому чыгып, милиция кызматкерлери антимонополия, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындан сырткары күндүзгү-түнкү рейддерди уюштуруп, эл көп топтолгон жерлерге милиция кызматкерлери барышып, алар менен түшүндүрүү иштерин өткөрүштү. Ошол күндөрү жалпысынан облус аймагына коюлган посттордо кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүп жатышты, ал эми айрым посттордо кызматкерлер алмашылбай 14 күн иштеп жатышты. Анткени бул посттор илдет чыгып кооптуу болгон аймактарда эле. Биздин кызматкерлер бул кырдаалда да өздөрүнүн милдеттерин таштап койгон жок. Ушундай кырдаалда да катталып жаткан кылмыштардын бетин өз убагында ачканга жетишип жатат. Жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп каза болгон фактылары карантин учурунда көп катталгандыктан, милиция кызматкерлер жер-жерлерде жашаган тургундардын үйлөрүнө барышып, эскертүүлөрдү, түшүндүрүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Май айынын баштарында эле Баткен жана Кадамжай райондорунан аткезчилик менен ташылып бара жаткан жүктөрдү аныктап кармашты. Негизи эле милиция кызматкерлери алдыга коюлган милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып жатат десем жаңылышпайм.

— Сиздердин аймак коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан аймактары менен чектешет. Бул чектешкен аймактарда кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

— Туура, Баткен облусу Тажикстан Республикасынын 8 району, ал эми Өзбекстан Республикасынын 6 району менен чектешет. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул пандемия азыркы күндө Тажикстан менен Өзбекстанда күчөп турган учуру. Ошондуктан чек ара тилкелерине коюлган посттор күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Бул тилкелерде ИИОнун кызматкерлери маршруттук топторго бөлүнүшүп, 2-3сменден жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жөө кайгуул күзөттөрүндө кызмат өтөшүүдө. Мындан сырткары милициянын көчмө кабылдамасы айыл аймактарды аралап жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо максатында үн чыгаруучу каражаттар менен санитардык эрежелердин нормаларын сактоо, жөнү жок унаа башкарып көчөгө чыкпоону күн сайын эскертип жатышат. Ушундай оор кырдаалда тилекке каршы 8-май күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында эки элдин ортосунда чыр-чатак чыгып анын натыйжасында кыргыздын 3 чек ара кызматкерине ок тийди. Мындай шартта абалды турукташтыруу ошондой эле коомдун коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери да окуя болгон жерге барышып, эки элдин ортосундагы чырды токтотуп калууга жетишти.

— Сиздер жактан, айтайын дегеним ардагерлер тарабынан кызматкерлерге кандай көмөктөр көрсөтүлүп жатты?

— Мындай учурда Баткен облусундагы ардагерлер дагы кол куушуруп отуруп калган жокпуз. Милициянын кадыры элдин ишеними менен бааланат эмеспи. Ошондуктан биз ар бир район-шаардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, ардагерлери менен байма-бай байланышып, өздүк курамды таза жана адилеттүү иштөөгө үндөп жаттык. 15-май күнү Баткен РИИБнин ардагерлер менен Көк-Таш айылына барып, кызматкерлерден кабар алдык. Аксай айыл аймагынын башчысы С.Анаров менен баарлашып, милиция кызматкерлерине колдоо көрсөтүп турууну айтып, жеринде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге керектүү азык-түлүктөрдү жеткирдик. Ички иштер органдарынын кызматы коомдогу эң бир кооптуу жоопкерчиликтүү жана ыкчамдыкты, тактыкты талап кылат экен. Биздин ар бир кызматкер берген антына бекем туруп, ар кандай кырдаалда жоопкерчиликти бекем кармайт деп ишенип кетем.

Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы