Менин атым Асель . Мен көп балалуу үй-булөөнүн кичүү кызымын.Менден улуу 2 эжем анан 4 агам бар. Кичүүсү болгондуктан жогорку окуу жайында да окуп,анан өзүм каалаган жигитке сүйүшүп сүйлөшүп жүрүп , турмушка чыктым.Жолдошумдун аты Сабыр.Турмуш жолуна аттанып жакшы жашадык,бирок 6 жылга чейин балалуу боло албай жүрдүк. Кайын журтумдан ар кандай сөздөрдү уксам да ,жолдошум түшүнүктүү болуп , жашоону уланта бердик. Анткени кыргызда 2 жылга чейин төрөбөсөң эле » төрөбөс аял экен,ажыраш»- деген акыл айтуулар болот эмеспи .Ошол 6 жыл ичинде чакан там салып,өзүбүзгө жакшынакай шарт түзгөнгө жетиштик. Мен бир компанияда бухгалтер болуп иштеп жүрчүмүн. Кудайым тилегибизди орундатып, 7жыл дегенде бизге эгиз кыз берди. Кубанычыбызда чек жок. Анан эгиздерим 3ай болоор болбос дагы боюма бүтүп калыптыр,» Кудайым берди төрөп ала берейин кыйналсам да,балким уулдур»- деп, төрөгөнгө бел байладым.

Эгиздерим жакшы баса электе эле уулдуу болдук. Балдар удаа болгондуктан ,аябай кыйналып калдым. Анан апама чалып,кыйналганымды айтып жардамчы таап берүүсүн сурандым.
Ошентип, эң улуу эжем өзүнүн бойго жеткен кызын жардамга жиберди. Аты Гулназа. Ушунчалык колум узарды, сиңдим балдарга каралашып, үй жумуштары бүтүп , жыргап эле калдым. Гулназаны болсо окуусун уланта берсин деп училищага киргизип койдум. Окууга барып-келип мага каралашат. Гулназга ыраазы болгонумдан эч нерсе аянбай өзүм кийбеген кийимдин түрүн ага алып берем. Билинбей эле балдарым чоноюп калышты. Эгиздерим 3кө чыгып, кичинекейим 2 жаш болгондо бала бакчасына берип, өзүм мурдагы жумушума чыктым. Сабыр биз жашаган жерден алыс эмес жерде иштечү.

Мен жумуштан кеч калсам Гулназа же жолдошум балдарды бакчадан алып коюшат. Жолдошума караганда жакшы акча тапчумун. Баары жайында, Гулназа болсо училищени аяктаган, мен акча дайыма берип, эч нерседен кем эмес, кесиби менен ылайыктуу жумушка чыга элек. Анын үстүнө иштетким келген жок, мен жумуштан келгенде үй жыйналуу , тамак жасалуу болгонуна кубанам. Бир гана мени ойлондурган нерсе Сабыр экөөбүздүн ортобуздагы ысык сүйүү өчүп калгандай. Жубайларда жыл өткөн сайын мамилеси муздай баштайт дегени чын окшойт деп калам ичимден. Эл катары бактылуу толук үй-бүлөөбүз, бирок Сабыр мага көп жолобой, эркелетпей калды. Башым ооруп жатат, чарчадым, кино көрө турайынчы ж.б шылтоолор менен ортобузда төшөк мамилеси азайгандан азайып баштады. Мен жолдошумду «балким жумушунан чарчап жүрөбү «деп түшүнгөнгө аракет жасайм. Ошентип жашообуз уланып жатты, жок дегенде мен уйдо балдар менен отургандай акча тыйындан кыйналбай калдык деп сүйүнүп коём.

Бир куну дем алыш болчу ,байкасам Гулназа толуп, курсагы чыгып калыптыр. Өзу шишип, беттерин сепкил басып, кубарып өңү начар. Жумушка эрте кетип, кеч келип, анан балдар менен алек болуп мурда байкабаптырмын деле. Өз сиңдимден » боюнда болуп калганбы» — деп сураганга батына албай турдум. Анткени, ушунчалык акылдуу,тың кыз эле. Дагы бир канча күн өтүп, курсагы андан да чөңөюп бараткандай сезилди. Түн ичинде Сабырдын жанында жатып» Сабыр сага бир демке айтайын ,сен кандай ойлойсун, мен Гулназадан күмөн санап калдым,боюнда бар эмеспи, балээ басып, курсагы чоңоюп баратат, сурагандан батына албай жүрөм канча күндөн бери, сен бу кызга жигит келгенин байкабайсынбы, кечке уйдо эмне кылат» — десем. Ал болсо — «Мен кайдан билейин, сенин сиңдин го сүйлөшүп көр да мага айтпай» — деп ары карап жатып алды. Эртеси күнү жумушка барбастан машинага салып, базарга барабыз деген бойдон өзүм Гулназаны гинекологго алып бардым. Больницага жакындаганда Гулназа «эмнеге келатабыз»-дейт. «Сени көрсөткөнү «десем. Бир кызарып, бир бозоруп туруп берди. Мен ойлогондой эле боюнда бар экен. 6ай болуп калыптыр, уул дешти узиден.

Уйгө келээр замат сиңдимдин жаагына чаап да жибердим» Сен ким менен ойноп жүрүп боозуп жүрөсүн? Кайсыл убакытта жетиштиң боюнда болгонго? Сен эми аран 18 ге чыгасың? Уят деген барбы? Сүйлө, жооп бер, кайсы акмак экен ал, кимдин баласы, деги эми ал сени алабы» — деп кыйкырып жаттым. Гулназа болсо ыйлап ««кечириниз эже, мен өлүп эле калайынчы» — деп жулкунуп кирди. Уруш- талаш ызы-чуу болуп атып, акыры өзүнө келген соң акырын сүйлөй баштады «-эже кечириниз мени, бирок мен эмес, ишенсеңиз мен күнөөлүү эмесмин» … деп калганын айтпай токтоп калат. Мен болсо «мен бармын Гулназа, сен жалгыз гана чындыкты сүйлө,калганы менин колумда» деп сөз берип, баланын атасы ким экенин билүүгө ашыгып жаттым. Гулназа болсо «- ата-энеме айтпаныз, эмне деген атым калат, сиз сөз берсениз айтпайм деп, мен баарын айтып берем -деди… Мен сөз бердим эч жанга ооз ачпоого

«Сиз жумушта кезде, жездем сиз менен уруша кеткенде , күндүз жумушунан келип, мага асылып абийиримди төктү, мени ошол бузган. Күндө обедке келгенде, мени баса калып оз ишин бүтүрчү. Бул нерсе 7 айдан бери уланып келүүдө»-десе дуйнө көзүмө караңгы боло түштү.Козүмдүн сызыла жаштар агып,жолдошумду жек көрүп, бул дүйнө менен коштошуп , чын дүйнөгө сапар алгым келип турду.Сиңдиме болсо кыйкырып,» сен эмнеге убагында айтпайсын? сен эмне деген келесоо кызсын? ушундай да болот беле?- деп жаттым . Гулназа болсо тултуюп унчукпайт. Кечинде Сабыр иштен келгенде биздин уйдө жашоодогу эн чоң чыр болду. Бирок балдарымды ойлоп,акыры өзүмдү колго алып, Гулназаны төрөтүп баласын өзүбүзгө алып калып, андан ары өз күнүн көрсүн деп чечтик. Гулназа буга макул болду. Жолдошум башын» шылкыйтып » жаңылдым, жаздым дегенден башкага жарабады.Аны кечирбесем өзүмдүн бир тууган эже жездеме эмне дейм деп жаттым. Милдеттин алып балдарымды бактырып жүрсөм. Баардык туугандарга бармай жок, же келмей жок. Кыскасы конокко чакырууну токтоттук. Баарына «мен 4-чу баламды кутуп жатамын» -деп кабар берип,өзүм жумуштан да убактылуу чыгып кеттим. Убакыт сааты жетип Гулназа төрөдү. Ден соолугу чын уул экен. Кантсе да күйөөмдун каны эмеспи, эгиз кыздарым, бир уулум бар эле, эми 2 уул болот деп сүйүнүп алдым.

Бирок ….. кептин баары Гулназаны больницадан чыгарып келгенде башталды. Мурдагы байкуш Гулназа жок. «Мен баламды бербеймин, элдер 2 аял менен да жашап жатышат. Мага Сабыр (жезде дегенден жок атынан айтып бакырып) кичинекей там салып берсин ,экөөбүзгө барып-келип жашай берет. Мен күнөөлүү эмесмин, Сабыр өзү күнөөлүү, эми өзү чечсин деп баланы бербей туруп алды.Сабыр болсо башын тырмап ойго баткандан башка эч нерсе кыла албады. Же ары жооп жок, же бери жооп жок! Кыскасы Сабыр Гулназага там салып бере албастыгын, баланы калтырып турмуш кутуусун айтты.Жинге алдырып, Гулназа баласын көтөрүп уйдон чыгып кетти…
Ызы чуу болуп баланы алып кала албадык. Эч ким аны токтото албады. Кайсы эле эне өз баласын бирөөгө бергиси келет. Мен Гулназанын энелик сезимин түшүнөм бирок,бир четинен аябай анын бул кылыктарына таң калдым.Ал барып баарына айтып,чындык ачыкка чыкты. Туугандарыбыз бир бирден келип баарысы Сабырды жулмалап кетишти. Ошентип бир туугандарымдан айрылдым десем да болот, «сен чакыргансын, сен күнөөлүсүң, балаңды өзүн бакпай, куйөөңду карабай, жаш кызды боозутуруп» — дешип айыптын баарын мага да коюшту. Кызынын жездесинен төрөгөнүн уккан Гулназанын атасы көп өтпөй каза болуп калды. Жездем мурда журөктөн ооручу,көтөрө албады. Ага дагы мени күнөөолөштү. Бүгүнкү күндө мен үчүн жашоо карангыдай сезилип,өзүмдү начар абалда сезип турган кезим. Ичимдеги күйүтүмдү айтпай эле коеюн. Сабырдан такыр эле жүрөгүм муздап, сууп калдым. Көңүлүм жок! Ал болсо «мен жанылдым, кечир» деп күнүгө бир маал кайталайт. Менин сиздерге айтайын дегеним баары бир эркекке ишенбеш керек экен. Оюу бузулса, уят сыйыт, бир тууган сиңдин болгонуна деле карабайт турбайбы. Өзүм шарт түзүп берип жүргөн экем. Кимисинен көбүрөөк кетти билбейм , териштиргим да келбейт. Күйөөм өзү макул болду дейт, сиңдим зордуктаган дейт. Эмнеси болсо да бир тууган эжем менен бет карашпай кыйналып жүргөн учурум…….. Аягы
(Каармандардын аты өзгөртүлдү)

Интернет булактарынан алынды.