Бүгүн, 25-майдан тарта Бишкекте коомдук транспорттун бардык түрүнө уруксат берилди. Мэриядан кабарлагандай, 110 троллейбус жана 112 автобус жолго чыкты. Ал эми маршруттук кичи автобустар адаттагыдан дээрлик 50% аз чыкты – болжол менен 800-900 даана.

Бишкектин тургуну Айнаш Базарбаеванын айтымында, кызы менен бет кабын үйдө унутуп коюп, кичи автобуска кол көтөрүп түшкөндө айдоочу албай койгонун айтты.

«Кичүү кызым менен Баят базарынан Ош базарына барайын деп №125 маршурткага түшсөм айдоочу «эже бет кабыңыз жок экен эшикти сыртынан жаап салыңыз, мен сиздин айыңыздан 1000 сом айып пул төккүм келбейт» деп эскертүү берип мени албай кетти. Эми бет капты жаныма ала жүрөмго»,-деди Айнаш Базарбаева.

Маалым болгондой, учурда өлкөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинен коомдук транспорттун бардык түрүнө санитардык нормалар киргизилип, жүргүнчүлөрдүн бет кап кийип жүрүүсү милдеттендирилген. Дарыгерлер болсо аталган илдет эл көп топтолгон жайда жугуп калуу коркунучу бар экенин эскертип келишет.