Түштүк Кореяда бир сутка ичинде 19 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу медиа булактары жазып чыгышты.

Өлкөдө жалпы ооругандардын саны 11 миң 206 болсо, каза болгондор 267. Вирус аныкталгандардын 16сы жергиликтүү жарандар, үчөө чет өлкөдөн келгендер. Дагы 13 адам ооруканадан чыгып, айыккандардын саны 10 миңден ашты.

Аталган өлкөдө вирустун очогу болуп Тэгу жана Кёнсан-Пукто провинциялары эсептелүүдө.