Жети-Өгүз районун Светлая Поляна айыл аймагында 23-май күнү саат 16:00 чамасында Чоң-Кызыл-Суу айылында тоо этегинен өткөн суу каналынан суу тынымсыз агып, сарай жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Суу көп агып, жээктеги жер кыртышына сиңип отуруп, көлөмү 480м3 болгон көчкү жүрүп, Мамбетакунов көчөсүндө жайгашкан сарайдын дубалын бузуп кеткен. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Жеринде ӨКМнин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу  комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 25-май күнү кошумча тактоо жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт.