Коронавирус пандемиясынан улам атмосферадагы көмүр кычкыл газы кыйла азайды. Бул тууралуу Nature Climate Change журналына жарыяланган иликтөөдө жазылган.

Иликтөөнү Future Earth глобалдык көмүртек долбоорунун окумуштуулары жүргүзгөн. Алар атмосферага көмүртектин чыгуусунун азайышы глобалдык жылуулуктун ылдамдыгын басаңдатып, климаттык катастрофаны жайлатууга шарт түзөрүн, бирок бул натыйжалуу эффект көпкө созулбай турганын белгилешкен.

Изилдөөнүн алкагында коронавирустун дүйнөнүн 69 өлкөсүндөгү, АКШнын 50 штатындагы, Кытайдын 30 провинциясындагы жана экономиканын алты тармагындагы энергияга болгон суроо-талапка тийгизген таасирине анализ жүргүзүлгөн.

2019-жылдагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 2020-жылдын апрелинен бери дүйнө боюнча көмүр кычкыл газдын атмосферага чыгуусу болжол менен 17% азайган. Айрым өлкөлөрдө бул көрсөткүч 26% чейин төмөндөгөн.

Окумуштуулар жарандардан милдеттүү түрдө үйдө болуу талап кылынган өлкөлөрдө автоунаалардын жүрүүсү 50%, авиакаттамдар 75% азайганын аныкташкан. Ага ылайык, автоунаалардан абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү 36%, аба каттамдардыкы 60% төмөндөгөн.