«Иммунитет элибизде бепбекем!
Илдеттерден кырылбайбыз» деп кетем.
Кыш чилдеде ЖЭБ жарылса чыдаган
Кыргыздарга кытай вирус кеп бекен?

Кырылбайбыз, жүрсөк эле таптаза,
Кыйналабыз, бөлөк нерсе каптаса:
Эркек-аял ортосуна жик салган
Эмдигинин вирустары башкача…

Коркунучтуу, азыркынын заманы!
Козгоп турат жаңы чыккан жараны:
Балдарыңдын жынысына кол салган
Баарысынан ошол вирус — жаманы.

Уруп койбой улуу-кичүү, башкасын,
Уучтай кирет «укук» деген маскасын.
Азырынча табыла элек дабаасы…
Андай дарттан Кудай өзү сактасын!

Алыс жактан даярдалган, белен дарт,
Айла менен далай элди жеген дарт.
Улутуңдан өйдө коюп керт башын,
«Укугум бар, милдетим жок!» деген дарт…

Мамлекеттин ичин бөлүп уу кылган,
Маңкурттарга эрме чөлдү туу кылган,
Адам затын тукум курут кырчудай,
Акыл-эске кирген вирус чуу кылган.

Бүтүн турат дарбазасы, коргону,
Бүлдүрбөйлү, мурас калган ордону,
Өмүр чиркин — келер-кетер аманат,
Өзөгүбүз бекем турса болгону.

Ж. Касаболотов