Кытай археологдору Хэнань провинциясынын Саньмэнься шаарындагы көрүстөндөн 2000-жыл илгерки колодон жасалган кумара таап алышты.

Саньмэнься шаарындагы Маданий эстеликтер жана археология институтунун окумуштуусу Чжу Сяодун алдын ала алынган анализдердин жыйынтыгын эске алуу менен ал б.з.ч.  221–207-жылдардагы Цинь династиясына таандык буюмдардын бири болуп саналарын белгилеген.

Коло кумарадан сырткары бул жерден казан, жалпак табактар, темир жана нефрит кылычтар, ошондой эле башка реликвиялар табылган.

Идентификацияланбаган суюктук сары-күрөң түстө болуп, түбүнө ар кыл аралашмалар тунуп калган. Кайсы бир конкреттүү компоненттке тестирлөө иштери өткөрүлүүдө — дейт Чжу Сяодун.