Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашып. Эл аралык финансы институттарынын алдындагы Кыргыз өлкөсүнүн карыздык оорчулугун жеңилдетүү маселеси өзүнчө сүйлөшүлгөн. Министр Чыңгыз Айдарбеков бул багытта көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн канада тарабына ыраазычылык айтып. Тажрыйба алмашуу үчүн COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз тартылган эки өлкөнүн медициналык эксперттеринин ортосунда жумушчу байланыштарды орнотуу жөнүндө макулдашуу жетишилген.

Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү планында ошондой эле өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, гуманитардык байланыштарды колдоого алуу жолдору каралды деп билдирет мекемеден.