Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

Президент С.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстанын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 2020-жылдын 26-майында Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти.

Бул каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү ___ кош бойлуу аялдар, ошондой эле 2 жашка жете элек балдары менен ____ эне жөнөтүлдү.

Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалым кат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Мындан сырткары, россия тарабынан бул каттамга РФнын жарандары болуп саналган 5 жаран киргизилди.

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору “бизнес-класс” багытынан орун алган 25 жарандар жөнөтүлдү. Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар болду. 

Аталган авиа каттам менен учуучу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы тарабынан сунушалган Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү жана дарыгер, юристтер кирген байкоочу кеңештен турган Жумушчу топтун жыйынында бекитилди.

Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалым каттар текшерилип, кош бойлуулар катталып УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталды.

Дарыгерлердин корутундусу боюнча 33 кош бойлуу аялган учууга уруксат берилген жок, себеби, мөөнөтү чоң болгон жана ар кандай патологиялары катталган (учуу үчүн тизмеге жазылган эки кош бойлуу аял каттам учканга чейин көз жарышкан).

Учуп кеткендердин тизмесин жарыялоо тууралуу жарандар үчүн жеке мүнөздөгү маалымат тууралуу 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Элчилик КРнын жарандары тууралуу маалыматты алардын макулдугу жок жарыялай албай тургандыгын маалымдайбыз.

Кезекте дагы 1500дөй оорулууар, боюнда бар аялдар, жашы жете балдар, улгайган жарандар турат. Сабырдуулук менен күтүп турууну өтүнөбүз. Россиядан Кыргызстанга чартердик рейсти уюштуруу боюнча Жумушчу топтун жана Штабдын ишмердүүлүгү уланууда. Жарандардын тынчсыздануусун түшүнүү менен Россиядан Кыргызстанга жумасына бир жолу  авиа каттам уюштуруу пландалып жаткандыгын ишендирип кетебиз. Жогорудагы категорияга кирген жарандар июнь ай ичинде Мекенине жөнөтүлөт.

Элчиликтин алдындагы Штаб жогорудагы категорияларга кирбеген, бирок Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандарга сабырдуулукка жана авиа байланыштардын жана россия-казакстан чек арасынын расмий ачылышын күтүүгө  чакырат. Карантинге байланыштуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен чек ара бүгүнкү күнү жабык экендигин эскертебиз.

Ошондой эле жарандарды автобустар менен кетүү тууралуу алдамчылардын сунуштарына макул болбоого чакырабыз. Автобус жана авиа каттамдардын уюштурулушу тууралуу социалдык тармактарда вотсап тайпаларда таркатылып жаткан маалыматтар жалган экендигин белгилейбиз.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик расмий булактарда жарыяланган маалыматтар менен иш алып барууну, Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоону өтүнөбүз.