Быйыл өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу окуу жылы 30-майда аяктайт. Акыркы коңгуроо салтанаты да ушул күнү онлайн түрүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Анын атымында, акыркы коңгуроодон тышкары Билим берүү министрлиги мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүзгөн.

«Мониторингдин жыйынтыгында республика боюнча 9000ге жакын бала бала бакчага бараары маалым болду. Балдардын коопсуздугу биринчи кезекте каралгандыктан, биз тиешелүү кызматтардын уруксатынан кийин гана бала бакчаларды жандандырууга өтөбүз”, — деп Надира Жусупбекова.