2019-2020-окуу жылында «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына, башкача айтканда, ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга талапкерлердин саны – 1420. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Анын айтымында, өткѳн окуу жылында алгачкы талапкерлердин саны – 1098, баалоого катышкандардын саны – 1051, ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга укуктуу экенин тастыктагандардын саны – 182 түзгѳн.

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү түрдѳ эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.