Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча алгачкы сот отуруму болду. Белгилүү болгондой, Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде активист Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Жапыкеевдин тарапкери Канат Хасанов билдиргендей, анын жактоочусу доо арыз менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сурагандыктан отурум 4-июнда уланмай болду. «Биз тараптан бир, Жумалиев тараптан эки адвокат болду. Мыйзам боюнча доо арыздын бир көчүрмөсү бизге берилиши керек болчу, берилбеген соң аны карай албайбыз», — деди ал.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.Конец перепискиВведите сообщение…