ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты К.Жумалиевдин КЖБРге катталган арызы боюнча С. Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дайындалган.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, С. Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.