Times гезити Франциянын мурдагы юстиция министри азыркы Париж шаарынын мэринине талапкер Рашида Дати тууралуу кызыктуу билдирүү тараткан. Анда Рашида ата-энеси аны эркине каршы күйөөгө бергендиктен көптөгөн жылдардан бери психологиялык травмадан жабыркап келе жаткандыгын ачык айткан. Рашиада Мороккодон көчүп барган иммигранттардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Гезиттен сырткары, Europe радиостанциясына берген маегинде ал 1992-жылы аны 54 жаштагы алжирлик кишиге турмушка узатышкандыгын, үйлөнүү үлпөтүн ал баштан аяк ыйлап отурганын жана эртеси күнү күйөөсүнөн кетип калгандыгы тууралуу айткан.

Белгилей кетсек, Рашида Дати күчтүү саясатчы жана иммигранттык чөйрөдөн француз саясатынын туу чокусуна чейинки жолдо болуп көрбөгөндөй кызматтык карьерага жасаган аял катары белгилүү.