Президент С.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстанын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 2020-жылдын 26-майында Москва шаарынан  «Аэрофлот – Российские авиалинии» компаниясы менен Бишкек шаарына чартердик каттам менен 393 кыргыз жаран мекенине учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Бул каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү кош бойлуу аялдар, ошондой эле 2 жашка жете элек балдары менен энелер келишти. .

Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалым кат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Мындан сырткары, Россия тарабынан бул каттамга РФнын жарандары болуп саналган 5 жаран киргизилди. Келген жарандардын бардыгы медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, обцервацияга жаткырылат.