Tелекоммуникация компаниясы Швецияда биринчилерден болуп 5G мобилдик түйүнүнүн жаңы муунун ишке киргизди. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылды. Тармактын биринчи антенна мамылары Стокгольм, Гетеборг жана Мальмё шаарларында орнотулган. Жаңы технология маалыматтарды секундасына ылдамдыгы 1 Гб менен камсыз кылат. 

Бул 4G түйүнүнөн 4 эсе ылдамыраак. Бирок учурдагы телефондордун көпчүлүгү жаңы мобилдик байланыштын бардык артыкчылыктарына ээ эмес.

Компаниянын интернет колдонуучулары 5G тармагына автоматтык түрдө туташат. Белгилей кетүүчү жагдай, компаниянын атаандаштары Telia жана Ericsson компанияларын бир күнгө артта калтырды. Бул компаниялардын 5G тармактары, 25-майда, ишке киргизилет.

Швеция 5G тармагын сыноо режиминде ишке киргизген биринчи өлкө болуп калды.