Биздин редакцияга кат менен окурманыбыз кайрылды. Анын айтымында, көптөн бери инстаграм соцтармагында байкоо жүргүзүп ушундай анилизге келип токтолгон.

Мен көптөн бери бир нерсени байкап жүрөм. Айрыкча инстаграмм баракчасына айымдарга кеңеш деген баракчаларды ачып, жаш кыздардын атынан ар кандай кеңеш сурап кайрылган болуп, жаштарды бузуп жаткан экрандын артындагы адам тууралуу айткым келет. Эгер олуттуу маселе менен кайрылып, эжекелеринин кеңешин алса унчукпай калат элем. Мисалы мен жеке өзүм тагдырдан аздыр көптүр алган тажрыйба менен бөлүшөт элем.

Тилекке каршы, мен так айталбайм, бирок ушундай шек жаратат. Ушул баракчаларды абакта отуруп зериккен бирөө ачып эрмектейби деген ой келет. Анткени ал жерде жашы жетелек, 18ден жаңы өтүп, намысын жоготуп, же кокус өзү колу менен алып алган жагдайларды жазат. Кечирип койгула мени, мен турмушка чыгып биринчи жолу эркек деген эмне, ысык мамиле кандай экенин үйрөндүм. Жаштарды жаман жакка азгырган мындай баракчаларды көзөмөлгө алган бирөө барбы? Ал жерге баары эле кирип окуй берсе болот экен.

Тилекке каршы, кеңеш берип, келеке кылып, анда мага кел деп бүт эле эркектер жазат экен. Мен ушул маселени айткым келди. Анткени менде да өсүп келе жаткан кыздарым, балдарым бар, алар ушул нерселерди окуп кандай келечек күтөт деген бушаймандамын.