Карантин режимин бузгандагы үчүн ызы-чуунун борборунда калган Британия премьер-министринин кеңешчиси Доминик Каммингс өз аракеттери үчүн өкүнбөй тургандыгын жана ыктыярдуу түрдө кызматтын өткөрбөй тургандыгын жар салды. Эске сала кетсек, өткөн жекшемби күнү өлкөгө киргизилген карантиндик катуу чараларга карабастан Каммингс үй-бүлөсү менен Лондондон 460 км алыстыкта жашаган ата-энесиникине барып келгендиги белгилүү болгондон кийин басма сөз  жана оппозиция анын жоопкерчилигин караштыруу тууралуу маселе көтөрүп чыгышкан. Буга бир эсептен Каммингстин «Аялы экөөндө тең коронавирустун белгилери пайда боло баштагандыгы» тууралуу айткандары себеп болгон.

Көпчүлүктүн оюу боюнча кырдаалды жөнгө салуу үчүн Борис Жонсондун кеңешчиси кызматын тапшыруусу зарыл. Бирок, премьер-министрдин өзү Каммингс жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу аракеттерге барган деп билдирүү таратып, кеңешчисинин ыктыярдуу түрдө кызматын тапшырып кетүүсүнө каршы экендигин билдирген.