epa07904655 US President Donald J. Trump takes questions from the press after the US-Japan Trade Agreement and US-Japan Digital Trade Agreement were signed in the Roosevelt Room of the White House in Washington, DC, USA, 07 October 2019. EPA-EFE/Ron Sachs / POOL

АКШ президенти Дональ Трамп Кытай мамлекети үчүн сюрприз даярдап жаткандыгын жана ал Гонконго карата Пекин тарабынан кабыл алынган иш-аракеттерге АКШнын жообу болуп калары тууралуу билдирди.

«Биз азыр дагы жөн отурган жокпуз. Ооба, ал силер үчүн өтө кызыктуу болот, бирок мен аны эки күндөн кийин ачыктайм», — деген ал журналисттердин Кытайга каршы санкциялар киреби же жокпу? — деген суроосуна жооп берип жатып.

Ошол эле учурда Блумберг агенттиги расмий булактарга таянуу менен АКШ президентинин администрациясы «кытай чиновниктерине, ошондой эле бир катар компаниялары менен финансы институттарына карата санкцияларды» киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткандыгын белгилеген.

Ал эми АКШ мамлекеттик катчысы Марк Помпео Гонконгдун автономиясы менен эркиндигине каршы кабыл алынуучу Кытайдын ар бир чечимин Вашингтон жөн гана карап отуруп албасын, сөзсүз түрдө «Бир өлкө, эки система» принциби кайра каралаары тууралуу кошумчалаган.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү Гонконгдо өкмөткө каршы маассалык каршылык акциялары уюштурулуп, полиция тарабынан эки жүзгө жакын адам камакка алынган. Каршылык акциясын уюштуруучулардын негизги талабы Кытай өкмөтү тарабынан  демилгеленип жаткан Улуттук коопсуздук жөнүндө долбоорду жокко чыгаруу.