Ааламды буулуктурган карантин убагында көпчүлүк жарандар үйгө отургандан тажап жатышса, милиция кызматкерлери үй бетин көрбөй күнү-түнү өз ден соолугун тобокелге салып, эл үчүн кызмат өтөп келүүдө. Эгер милиция кызматкерлеринин ушул кырдаалдарда аткарган иштери тууралуу кеңири сөз кыла турган болсок анда гезит бети чак келбеси анык. Арийне, сыртынан карап алып, билип да, билбей да, ал же бул деп айтып да, жазып да жаткандар коомубузда арбын. Андыктан, абалды анык сүрөттөп берүүсү үчүн айрым кесиптештердин өздөрүнө кеп кезегин узаттык.

Тилек Иманбеков, ИИМдин “Шумкар” АБПнын 1-батальонунун 1-ротасынын старшинасы, милициянын прапорщиги: “Милициянын кесипкөйлүүлүгү менен аткарган кызматы коомчулуктун ыраазычылыгына татыды”

— Өзгөчө кырдаал жаңы киргизилген күндөрү жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө бир аз кыйынчылыктар болду. Себеби, ар бир жаран ар кандай кабыл алышты, бири түшүнсө бири такыр түшүнбөгөн учурлар кездешти, ошону менен бирге эле коомчулуктун милиция кызматкерлерине болгон мамилеси да эки тараптуу болду, кээ бир жарандар коомдун коопсуздугу үчүн кылынып жаткан аракеттерибизден улам милиция кызматкерлерине алкыш айтып ыраазычылыктарын билдиришсе, кээ бир жарандар тескерисинче түшүнбөгөн учурлар кездешти. Милиция кызматкерлери күн-түн дебей кызматтык милдеттерин так жана туура аткарып, жоопкерчиликте кесипкөйлүүлүк менен аткарган кызматы коомчулуктун ыраазычылыгына татыды деп ишенем. Ошол эле маалда жеке кооптонуу да болбой койбойт экен. Албетте, үй-бүлөм менин тандаган кесибимди түшүнүү менен кабыл алышып, түз көз карашта.

Ички иштер органдарында кызмат өтөгөнүмө 10 жылдан ашуун убакыт болду. Мен милиция кызматында болгондуктан, буга чейин деле күнү-түнү кызматта болгон учурларга көнүп бүткөндүктөн бул жолу деле түшүнүү менен кабыл алышты. Болгону азыркы абалда менин ден соолугум үчүн бир аз кабатыр болуп жатышат. Кызматыбызда болсо өзгөчө кырдаал киргизилген күндөн тарта жарандарга үйдөн чыкпай олтуруу керектигин түшүндүрүү менен талап кылуудабыз. Ошону менен бирге алардын бул илдетке чалдыкпоосуна кам көрүү максатында ар кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Таалайбек Имангазиев, ИИМдин Ички Коопсуздук аскер кызматынын 702-аскер бөлүгүнүн ыкчам багыттагы батальонунун 1-ротасынын командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, улук лейтенант:  “Буюрса мындан ары үй-бүлөм менен көбүрөөк убакыт өткөрсөм дейм”

— Азыркы кырдаал бүт дүйнөнү дүрбөлөң кылып жатпайбы. Жалпы коомчулук көрүп тургандай Кыргызстанда да күч органдары жана медицина кызматкерлери күнү түнү иштөөдө. Биз аскер кызматкерлери болгондуктан кандай гана кырдаал болбосун эл-жерди, ата мекенди коргоого даярбыз. Ушуга жараша Ички аскер кызматкерлери да бул кырдаалда өздөрүнүн салымын кошуп жатат деп айта алам. Ички аскер кызматкерлери өзгөчө абал киргенден баштап күчөтүлгөн абалда иштеп, Бишкек шаарынын көчөлөрүндө өздүк курам посттордо жана жөө кайгуулдарда кызмат өтөөдөбүз.

Кээ бир жарандарыбыз карантинде үйдө болуш керектигине карабай көчөлөргө чыгып кеткен учурлар да көп кездешип калат, андай учурларда түшүндүрүү иштерин алып барабыз. Азыркы болуп жаткан абалда бизди кубантканы көпчүлүк элдер биздин алып барып жаткан ишти түшүнүү менен карап, айткан талаптарыбызга макул болуп жатышты. Ал эми өзүбүздүн коопсуздук боюнча биздин жетекчилик жактан жакшы кам көрүүлөр болуп жатат. Маселен кызматка чыгардын алдында ар бирибизге экиден бет кап, медициналык мээлей жана антиспрей менен камсыз кылынат. Андан башка дайыма өзүңдү коргоо боюнча өздүк курамга сабак окулат. Менин ишим аскердик кызматта болгондуктан үй-бүлөм жумушума көнүп, түшүнүү менен карап келишет. Өзгөчө азыркы абалда ата-энем жана келинчегим менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп турганга туура келет. Анткени өздүк курам — үйгө барбастан казармада жатып, иштөөдөбүз. Кудай буйруп вирусту жеңип, мурунку абалга кайрылып келип, иштеп баштасак үй-бүлөм менен көбүрөөк убакыт өткөрсөм дейм.

Максатбек Исаев: ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын 2-факультетинин курс-начальниги, милициянын подполковниги: “Милициянын аткарып жаткан жумушу оор экенин түшүнүүгө мезгил бышып жеткени тастыкталды”

— Кыргыз Республикасынын Ички Иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Ички Иштер Министрлигинин Академиясынын өздүк курамы ааламды каптаган пандемиядан сактануу үчүн мамлекет тарабынан коюлган коргонуу, сактануу талаптарын, иш чараларын ар бирибиз жоопкерчиликтүү кабыл алуу менен кызмат өтөп жаткан учурубуз. Бул илдет менен күрөшүүдө көптөгөн биздин жарандарыбыз жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жөнү жок көчөгө чыкпай , үйлөрүндө болуп, биздин талаптарды аткарып жатышса, айрымдары баш ийбей, өздөрүнүн эле эмес үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын өмүрүн, ден-соолугун тобокелге салып жаткандыгы өкүндүрөт. Мындан сырткары, өзгөчө кырдаал учурунда медицина жана башка күч түзүмдөрдүн аткарган ишине жарандардын көз карашы, мамилеси өзгөрүп, түшүнүү менен карап, кайрадан бул кесиптин ээлери ардактуу жана абдан зарыл экени айгине болду. Дегеле, бул кырдаал учурунда ар бир адам алган тарбиясына ылайык жоопкерчилиги, мамлекет алдындагы жарандык милдети, үй-бүлөсүнө, тууган жана тааныштарына карата болгон камкордугу билинди. Жашоосундагы күн тартибинин өзгөрүүсү, эркин жүрүүгө чекит коюлганын түшүнүп, үйлөрүндө болгон жарандарыбызга сый урмат менен, терең ыраазычылык билдиргим келет. Жарандык активисттер, ыктыярчылар жана жөнөкөй жарандардын блокпостто турган кызматкерлерге коргонуучу каражаттарды, бет каптарды, керек болсо тамак ашына чейин алып келип берип жатышкандыктары биримдиктин белгиси болду. Эң башкысы бул кырдаал эл, коомчулук арасына милициянын аткарып жаткан жумушу оор экенин түшүнүүгө мезгил жеткенин тастыктады. Ал эми жеке өзүмдүн үй-бүлөм менин ишиме дайыма туура түшүнүү менен карап келишкен. Канча жылдан бери ушул жумушту аркалап, үй-бүлөм көнүп калган. Бирок албетте, тынчсызданып турушат, ден соолугум үчүн кабатырланып жатышты окшойт. Эмнеси болсо дагы, ант берип милиция кызматкери болгондугума байланыштуу көптөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары антка бекем туруп, мекен үчүн күнү- түнү кызмат кылууга даярбыз.

Даярдаган Д. Асамидинов