Россиялык журналист жана алып баруучу Владимир Познер АКШ жарандык согуш абалына кептелди деп эсептейт. Бул тууралуу өз оюн ал «Яндекс.Эфирге» чыгуучу Софико Шеварднадзеге берген маегинде билдирген.

«Чыны менен эле өлкө экиге бөлүнүп калды. Башкача айтканда, саясат айдыңда болуп жаткан тирешүүлөр  жарандык согуштун чыгып кетүүсү өңдүү тоболкелдиктер менен коштолууда жана  азыркы кырдаал ага бир кездерде Түндүк менен Түштүктүн ортосунда болуп өткөн согушту эске салып жаткандыгын» кошумчалаган.

Ал эми АКШ жана Кытай ортосундагы пикир келишпестиктер, саясий тирешүүлөр жөнүндө суроого Познер  бир гана ядролук куралдарга эмес, ошону менен өтө кубатуу армияга ээ болгондуктан бул тирешүүдө сөзсүз Кытай жеңүүчү болуп чыгаарына ишенерин жана америкалык доор бүтүп, Кытай гегемониясы башталаарын айткан.