Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун чет элдик булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети дагы адамдарга залакасын тийгизип, ысык аба арайы учурунда желдеткичтен чыккан муздак шамал коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык сунуштарга карама-каршы келет адистер айтууда.  

Уюм май айынын ортосунда 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр – тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.

Ошондой эле бул жылы күн ысык болору ал көпчүлүк мамлекеттерде ысыктын кесептенинен ар кандай жаратылышда өзгөрүү байкала турганын адистер эскертип келишет.