Макаодогу оюн индустриясынын башкы архитектору деп саналган белгилүү гонкондук бизнесмен Стэнли Хо 98 жаш курагында дүйнө салды.

Стэнли Хонун көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Макао балыкчылардын айылынан дүйнөлүк мегаполиске айлангандыгы көпчүлүккө жакшы маалым. Япон оккупанттары жана мафиясы менен кызматташ деген шек саноолорго, бийлик тарабынан коюлган күнөөлөргө карабастан Хо кытай элинин эсинде өз мекенинин чыныгы ишкер адамы катары сакталып калды.

Дүйнөлүк ММКлардын маалыматы боюнча дал ушул Стэнли Хо 1999-жылга чейин Партугалиянын колониясы болуп келген Макаону дүйнөлүк кумар оюндарынын борборуна айландырган. Ал дүйнө жүзүндөгү эң кирешелүү SJM Holdings оюндар империясын башкарган. Аталган империянын рыноктук капиталы 6 млрд. долларды түзгөн. Ал эми Стэнли Хонунун өзү  Азиядагы эң бай адамдардын бири болуп эсептелген.

Белгилей кетчү нерсе, согуш учурунда иштеп тапкан акчасына Хо курулуш компаниясын негиздеген, ал эми бизнес менен 1960-жылдардан тартып шугулдана баштаган. Кызыгы, өз өнөктөштөрү менен биргеликте ал казино ачуу үчүн уруксат кагазды португалиялык колониалдык бийликтен алган жана Макаону туристтик борборго айландырам-деп убада берген.