Иран өлкөсү күз айларында коронавирус инфекциясынын кийинки толкуну болот деп боолгоп, ага даярдык көрө баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, өлкө президенти Хасан Рухани парламентин ачылышы учурунда «Коронавируска каршы күрөшүү штабы күзүндө болуучу инфекциянын кийинки толкунуна даярдык көрө баштады. Биз кийинки толкунга даярдануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз», — деген. Президенттин айтымында, өлкөдө күзүндө болуучу инфекциянын кийинки толкунуна даярдык көрүү үчүн бардык ресурстар тартылган.

Эске салсак, аталган өлкөдө коронавирус инфекциясы 139 миң 511 адамдан аныкталды. 7 миң 508 адам каза болсо, 109 миң 437 бейтап айыгып чыкты.