Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында каракчылыкка шектүү жарандар аз убакыттын ичинде колго түшүрүлгөн.

2020-жылдын 26-май күнү болжол менен саат 15:28 чамаларында Аламүдүн районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө каракчылык фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде райондук ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө,болжол менен саат 10:30 чамаларында 62 жаштагы З.Р. аттуу жарандын үйүнө бетине медициналык бет кап кийген жарандар киришип, үй ээсине карата күч колдонушуп уруп, коркутушуп 120 миң сом акчасын жана 10 миң сомдук алтын шакегин тартып алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкени маалым болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Аламүдүн районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында эки саатын ичинде кылмышка шектүү жарандар Бишкек шаарынан кармалышып, текшерүү учурунда кармалган жарандардын жанынан далил заттар жана белгисиз үлгүдөгү тапанча беш огу менен алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган 65 жаштагы К.А., 44 жаштагы В.Б. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.