Акыркы бир күндө Түштүк Кореяда коронавирустук инфекциянын 79 учуру катталды, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору.

79 жаңы учурдун 68и жергиликтүү, 11и сырттан келгендер. Итаевон аймагында түнкү клубдар жана барлар менен байланышкан коронавирустун учурлары 259.

Бийликтин билдиришинче, вирус жуктургандар клубга келгендердин 83% менен байланышкан. Коронавирустун башка жамааттык очоктору айрым чиркөөлөрдө жана ооруканаларда да аныкталды