Бүгүнкү күндө биздин адистер 32 мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунда иштеп жатышат. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын маалыматы боюнча 49363 автоунаанын жана 77500 кол жүктөрдүн санитардык талаптарга дал келүүсү текшерилди.

«142 ветеринардык инспектор ишке тартылып, транспорт каражаттары менен жүктөргө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшүүдө. Кол жүктөрдү текшерүү учурунда санитардык талаптарды сактабаганы үчүн 30 бузуулар аныкталды”, — деди Калысбек Жумаканов.