Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат:
— 2020-жылдын 27-май күнү өлкө боюнча 350 874 погондук метр автоунаа жолдор, 93 492 м2 имараттар дезинфекцияланган;
— Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат);;
— өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок-постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 52 даана бир бөлмөлүү, 7 даана эки бөлмөлүү мобилдик турак үй орноштурулган;
— 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 6000 чалуу катталып, анын ичинен 135 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.
— өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 540 кызматкер жана 50 унаа тартылган.