Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу чек арачылар!

Кымбаттуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Чек арачылар күнү  менен куттуктайм!

Өлкөбүздүн сырткы чегин ишенимдүү кайтарып, чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылуу менен сиздер элибиздин урматтоосуна ээ болуп жатасыздар.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында чек арачыларыбыз көптөгөн эрдиктерди жана каармандыктарды көрсөткөн.

Жергебиздин кол тийбестигине жана калкыбыздын коопсуздугуна кепил болуп, Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө.

Чек арачылар патриоттуулукка, ар намыска, берген антка негизделген ардагерлердин мыкты салттарын сактап, улантат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бекем кайрат, ийгиликтүү кызмат өтөөнү каалайм!»