Мурас-Ордо жаңы конушунда маршруттун айдоочулары жол кирени 15-20 сомго көтөрүп алышкан

Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда маршруттун айдоочулары өз билемдикке салып, жол кирени 15 сомдон 20 сомго көтөрүп жатышат,- деген автор КТРКнын “Элдик репортерго” видео тартып жөнөткөн. ‘

Өкмөт көтөргөн жок жол кирени, өзүлөрү көтөрүп алышкан. Ансыз деле кыйналып жаткан элди кыйнашып. 20 сомдон бербесенер жүрбөйбүз деп жатышат. Посттон өткөндөн кийин элди жык-жыйма кылып салып алышат. Бишкек шаарынын мэри көзөмөлгө алышын суранабыз, – деп ачууланган автор.