2020-жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү 02:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында, Сузак районунун 1991-ж.т. И.С. аттуу тургунун азиат улутундагы 20-25 жаштагы атуул сөз талашып, уруп денесине залал келтирип, жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталып, жабырлануучунун абалы оорлогон учурда КРнын Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) өзгөртүлүп, кайрадан квалификацияланган.
Бул окуяга шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Жалал-Абад шаарынын тургуну 1998-ж.т. А.Ш. экендиги такталган. Бирок аталган окуяга шектүү жүргөн жерин жашырып качып жүргөндүктөн, буга чейин милиция тарабынан издөө жарыяланган.

2020-жылдын 28-май күнү Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектелип издөөдө жүргөн Жалал-Абад шаарынын тургуну 1998-ж.т. А.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.