Өзбекстандын Навои облусунда үч айлык баланы үч бөлмөлүү батирге алмаштырууга аракет жасаган аял менен ымыркайдын чоң атасы кармалды. Бул тууралуу 27-майда Навои облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип Баракелде сайты жазып чыкты.

Расмий маалыматка ылайык, аял менен анын атасы 23-майда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн операция учурунда кармалган.

«Навои шаарында ижарага алынган батирде жашап жаткан 1987-жылы туулган З.О. аттуу аял киши 2020-жылы туулган баласын сатуу учурунда кармалган. Болжол менен 250 миллион сумдук (25 миң доллар) үч бөлмөлүү батирге алмашууга аракет жасаган. Маалым болгондой, аталган аял 1951-жылы туулган А.О. аттуу атасы менен биргиндик болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 25-майда Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстандын Төрткүл районунда 13 жаштагы баласын 15 миң долларга сатууну көздөгөн аял кармалганын маалымдаган. Мындан сырткары бир нече күн мурун дагы бир аял 2 жаштагы баласын 7 700 долларга сатууга аракет жасаганы маалым болгон.