АКШ президенти Дональд Трамп журналисттердин: «Twitter баракчасын эмне үчүн дагы деле колдонуп жатасыз?» — деген суроосуна: — «Эгерде өлкөдөгү ММКлар таза иш алып барышканда Twitter социалдык тармагындагы  өз аккаунтумду өчүрүп салмакмын!» — деп билдирген.

Ошол эле учурда кеп бардык ММКлар тууралуу болуп жатпагандыгын, алардын ичинде татыктуу, өз ишин мыкты билген журналисттер дагы бар экендигин белгилеп келип: «Facebook  жана Instagram социалдык тармактарындагы мага  таандык ар кыл аккаунттарды  кошсом, менин баракчаларыма жазылган адамдардын саны болжол менен 186 миллион адамды түзөт. Бул сан өтө көп… Чын-чынына келгенде, бул медия компанияларындагы сандан алда канча көптүк кылат. Маселен, мен бир нерсе тууралуу жазсам, ошол эле мүнөттө  же кийинки сааттарда ал тууралуу бардык адамдар окуп жатышат. Демек, окурмандарды дагы урматообуз керек. Анан калса, менин атымдан чыккан нерсенин бардыгын эле Трамптыкы дей берүү туура эмес» — деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, кечээ Дональд Трамп Twitter компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотуу  тууралуу ойлонуп жаткандыгын жарыялаган.