Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 28-май күнү саат 19:10 чамасында катуу шамал катталып (ылдамдыгы такталууда) Тандоо айылынын Арпачиев көчөсүндө жайгашкан №3 турак үйдүн бастырмасынын жана №4 турак үйүнүн сарайынын чатырларын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Ошондой эле, Акман айыл аймагынын Жараке айылындагы Кахаров көчөсүндө жайгашкан бастырманын чатырын учуруп кеткен тактоо иштерин жүргүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду.

Жерине Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана ЖК комиссиясы тартылып, тактоо иштери жүргүзүлгөн.