Кыргызстанда үч айда 32 өспүрүм өз өмүрүн кыйды

2020-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда 32 өспүрүм өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Мира Шарапова билдирди.

Анын айтымында, карантин учурунда, тактап айтканда 25-марттан 30-апрелге чейин 13 жашы жете элек өз өмүрүнө кол салган. Мындай кадамга барууларына ата-энеси, достору менен болгон уруш, оору, сүйүү жана башкалар себеп болгон.

«Өспүрүмдөр арасында суицид карантинде, балдар дайыма ата-энесинин көзөмөлүндө болгон учурда да катталды. Бул балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиледеги кризистен кабар берет. Ошондой эле бул абалга интернет да терс таасирин тийгизет», – деди Шарапова.

Эгерде жаш бала зомбулукка кабылса «111» номуру аркылуу кайрылуу керек. Ушул жылдын биринчи кварталында 34 миң 531 кайрылуу түшкөн.