АКШнын Миннеаполис шаарында эки күндөн бери полиция менен нааразылык акциясына чыккандардын ортосунда кагылышуулар болуп өтүүдө. Мындай көрүнүш 46 жаштагы афроамерикалык Жордж Флойддун полиция тарабынан өлтүрүлгөнүнөн кийин башталган: жерде жаткан Флойддун «Мен думугуп баратам!»-деп кыйкырып жатканы жана анын полиция кызматкери тизеси менен моюнунан басып тургандыгы тартылып алынган видео интернет сайттарга жайылып кеткен.

 Кагылышуулардын жүрүшүндө полиция көздөн жаш агызган газ колдонуп жаткандыгын, ал эми нааразылык акциясына чыккандар аларды таш менен уруп жаткандыгын көрүүгө болот.

Бул окуя болуп өткөндөн кийин Миннеаполис полиция кызматынан төрт адам жумуштан бошотулган. Ал эми шаар мэри бул инцидент жөнүндө өз оюн билдирип жатып, теринин каралыгы «адамды өлтүрүүгө шылтоо болбошу» керек деп айткан.

Каршылык акциялары вандализм, талап-тоноо жана өртөө иштери менен коштолуп, бир нече дүкөндөр тонолгон. Ал эми Флойд өлтүрүлгөн жерден алыс эмес аралыкта жайгашкан имарттар өрттөнүп кеткен.

Белгилей кетсек, ушундай эле окумя 2014-жылы катталган жана анда Эрик Гарнер деген адам полиция тарабынан өлтүрүлгөн.

Флойддун өлүмү боюнча  Джон Бойега, Леброн Джеймс, Бейонсе жана Жастин Бибер өңдүү атактуулар өлкөдө расизм бүтпөй келе жаткандыгына нааразы экендигин  белгилешти.