Лейлек районунун Тажикстан Республикасынын Дж.Расулов, Гафуров райондору менен чектешкен Кулуңду, Жаңы-Жер аймактарында милиция кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу максатында иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери илдеттин элге жайылып кетпөөсүн алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо, элдер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында күчөтүлгөн тартипте күндүзгү жана түнкү багыттарда мобилдик топтор түзүлүп, жөө кайгуул иштерин колго алууда.

Лейлек районундагы милициянын көчмө кабылдамасы күн сайын илдеттин алдын алуу жана чектешкен аймактарда жашаган тургундарга жайылып кетпөө максатында коомчулукка эскертүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.