Кыргызстандын аймагында 5-июндан баштап мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Мектепке чейинки билим берүү уюмдары 5-июндан тарта иштей башташат. Алардын иши, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. 5-июндан башталышынын себеби, ага чейин иштей турган уюмдардын даярдыгына текшерүү жүргүзүлүп, ар бир уюмга жекече уруксат берилет. Ал эми бала бакчалардын даярдыгы мэрия тарабынан көзмөлгө алынат”, — биринчи вице-премьер-министр «, — деди Боронов.

Мындан тышкары Боронов бардык жарандарды өз салматтыгына кам көрүп, дарыгер көрсөткөн талаптарды так сактоого чакырды.

«Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия. Вирус өлкөбүздө жайылып жатат жана беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жууп туруу, социалдык байланыштарды кыскартуу сыяктуу санитардык эрежелерди сактабай коюу ар бир адамдын өмүрү үчүн кооптуу. Коронавирус бар экендигин тануу – бул жоопкерчиликсиздик», — деди биринчи вице-премьер.