Өткөн суткада Россия Федерациясында коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 232 учурду түзгөн. Бул тууралуу Коронавирус кырдаалы боюнча ыкчам штабдан билдиришкен.

Аталган 232 учурдун ичинен 76 өлүм Москва шаарында аныкталган. Россияда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны учурда 4374 адамга жеткен.

Бардыгы болуп 387 623 россиялыктан коронавирус илдетин жуктуруп алган. Соңку суткада ал – 8572 адамды түзгөн. Белгилей кетчү нерсе, пандемия учурунда коронавируска карата бардыгы болуп 10 млн. лаборатордук изилдөөлөр өткөрүлгөн. Учурда 305 61 адам медициналык байкоодо калууда.