22-майда Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде кулаган «Пакистан эл аралык авиалиниялары» компаниясына таандык Airbus А320 учагынан тергөөчүлөр жана куткаруу кызматкерлери тарабынан 30 миллион рупий (болжол менен 33 миллион сом) табылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

«Ушундай чоң суммадагы акча аэропорттун коопсуздук тутумунан жана багаж сканерлеринен өтүп, бактысыз каттамга түшкөндүгүн иликтөөгө буйрук берилген», — деген пакистандык чиновник.

Маалым болгондой,   Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде кулаган учактан борттогу 99 адамдын 97си каза болгону маалымдалган.