29-майда саат 23:00гө карата Өзбекстанда дагы 20 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 3488 кишиге жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 4 учур Самарканд облусунда, 2 учур жүк ташуучу айдоочулардан, калган 14 учур Екатеринбургдан Ташкентке келген жарандардан аныкталды.