Россиянын ТурСтат туристтик порталы курорттук жана терапиялык эс алуу үчүн КМШ өлкөлөрүнүн мыкты курортторунун рейтингин түздү. Алардын арасында Ысык-Көл мыкты курорттордун рейтингинде бешинчи орунга чыккан.

Алгачкы 5-орунга Армения, Беларусь, Казакстан жана Азербайжан курорттору кирген.

Маалыматка ылайык, рейтинг КМШ өлкөлөрүндөгү санаториялык курорттордун  ден-соолукка пайдалуу экендигин талдоонун негизинде түзүлгөн.