Facebook социалдык тармагынын жетекчиси Марк Цукерберг Twitter тармагы сыяктуу эле АКШ президенти Дональд Трамптын жазып калтырганын эмне үчүн жашырып же алып салбагандыгын түшүндүрүп берди.
Белгилей кетсек, кечээ Трамп америкалык кара денелүү Жорж Флойд аттуу адамдын өлүмүнөн кийин башталган башаламандыктарды жоюу боюнча шаар мэри кандайдыр бир чараларды кабыл албаса, ал Улуттук гвардияны жиберерин, кырдаалды жеке өзү контролдукка аларын, эгерде талап-тоноолор орун ала турган болсо, Улуттук гвардия ок чыгараарын жазып калтырган.

Ушундан көп өтпөй Twitter социалдык тармагы Трамптын бул билдирүүсү компаниянын «зомбулукка жол бербөө жөнүндөгү» эрежесин бузуп жаткандыгын белгилеген жана Трамптын Twitter сайтындагы билдирүүсүн ар кимге эле көрүнө бербегидей кылып жашырып койгон.
Ал эми Цукерберг:

«Ооба, биз Президенттин жазып калтырганын жаап же жашырып койбогондугубуз үчүн көпчүлүк адамдардын жини келүүдө. Бирок, биз ар бир адам өз оюн ачык-айкын билдирүүсү үчүн толук мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бирок, билдирүүлөр элдин бейкуттугуна залакасын тийгизбегидей болуусу керек»-деп жазып калтырган өз Facebook баракчасына.

Бүгүн Американын көпчүлүк ири шаарларында нааразылык акциялары өтүүдө. Мунун натыйжасында полиция менен болгон кагылышуулар күч алып, бир катар ири шаарларда кыйратуулар, талап-тоноолор, ок атышуулар болууда.