Бүгүн, 30-майда жаңы катталган коронавирус иллетинин 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондордун арасынан табылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз.

Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген.

«Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24дө вирус тастыкталган. Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө. Андыктан, ар бир адамдан санитардык талаптарды так сактоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз”, — саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.